Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунда Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, бир кашарды каптады

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган

Кечээ 18-август күнү алдын ала маалымат боюнча саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Московская көчөсүндө жайгашкан 1 кашардын короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз райондук №36 Өзгөчө кырдаалдар бөөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, суунун нугун буруу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн “Иштерман” муниципиалдык ишканасынын 1 даана каз тамандуу эксковатору тартылууда.

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган. Аталган ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, 1 даана жүктөгүчтүн жардамы менен кыян сууларынын кесепеттери жоюлду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх