Ысык-Атада сууга түшүп кетиши мүмкүн болгон 3 жашар бала изделүүдө
19-августта 3 жаштагы наристе үйүнөн чыгып кетип, табылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн
Ысык-Ата районунда 3 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул туруалуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-августта саат 18:46лар чамасында райондук милицияга Дружба айылынын 3 жаштагы А.М. аттуу наристе үйүнөн чыгып кетип, табылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен А.М.ге таандык шлепка табылып, азыркы учурда Чүй обулусунун ИИББнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүп жатат.