Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде милиция кызматкерине кол салган жаран кармалды

Кармалган жарандын мас экендиги аныкталып, учурда бул окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда

Баткен районунда авто бейбаштык жасаган жаран милиция кызматкерине кол салган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү түнкү саат 03:55тер чамасында Кара-Бак айылында автобейбаштык жасап, элдин тынчын алган окуя боюнча милиция кызматкери барып, абалды жөнгө салып автобейбаштык жасаган жаранды тынчтандырууга чакырган. Бирок, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, автобейбаштык жасаган жаран милиция кызматкерине кол салган.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" беренеси менен катталып, аталган айылдын 25 жаштагы тургуну А.З. окуя болгон жерден кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми анын унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган.

Кармалган жарандын мас экендиги аныкталып, учурда бул окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх