Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаратылыш министрлиги: Ысык-Көлдө теплоход чөгүп кеткен жерден суунун үлгүлөрү алынды

Мотор отсегиндеги суу атайын машина менен сордурулуп, тазаланды

Ысык-Көлдө теплоход чөгүп, майы акты делген жерден суунун үлгүлөрү алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликке Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы "Алтын-Көл" пансионатында катуу толкундан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, майы агып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жаратылыш министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, мониторинг бөлүмүнүн адистери жана Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жеринде иш алып барышты.

"Катуу шамалдан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, мотор отсегине суу толуп калган. Мотор отсегиндеги суу атайын машина менен сордурулуп, тазаланды. Жеринен анализдер алынды, анын жыйынтыгы менен кичи теплоходдун ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх