Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери сыйланды

Окуя учурунда ал башка жумуштар менен Он-Арча базарынын биринчи кабатында жүргөн

Нарында адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери сыйланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-августта Нарын шаарынын Он-Арча базарынын ашканасында күйөөсү аялына бычак менен кол салып, денесинин көп бөлүгүнө жаракат келтирген факты катталган.

Бүгүн президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов адам өмүрүн сактап калган Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жеңиш Мукамбетовду кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ал эрдик көрсөткөн милиция кызматкерине Ыраазычылык катын жана 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын ыйгарды.

Жеңиш Мукамбетовдун айтымында, окуя учурунда ал башка жумуштар менен Он-Арча базарынын биринчи кабатында жүргөн. Ызы-чуу чыгып жатканын угуп, экинчи кабатка көтөрүлүп, бычак жеп жаткан аялды күйөөсүнүн зомбулугунан куткарып, өмүрүн сактап калган. “Ошол учурда дагы бир байке жардам берген, бирок аны таппай атабыз”,-дейт Ж.Мукамбетов.

Учурда жабырлануучу 1983-жылы туулган С.А Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу.

Күйөөсү, 1982-жылы туулган М.Н окуя болгон жерде дароо кармалып, камакка алынган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх