Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК боксчу Орзубек Назаровду суракка чакырды - видео

О.П.Назаровдун "Криминалдык авторитет Салимбойвачча" менен байланышы бар экендиги аныкталган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети боксчу Орзубек Назаровду суракка чакырды.

УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны О.П.Назаровдун "Криминалдык авторитет" "Салимбойвачча" каймана аты менен белгилүү Өзбекстандын жараны С.Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында О.П.Назаров КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан С. Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды.

Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында С.Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка КР жарандарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх