Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 280 адам каза болду

Жалпысынан алты айдын жыйынтыгы менен 555 миң 26 мыйзам бузуу протоколу түзүлгөн

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 280 адам каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпысынан алты айдын жыйынтыгы менен 555 миң 26 мыйзам бузуу протоколу түзүлүп, административдик айып салынган.

Ал жол эрежесин бузууларга айып салуудан 278 млн сом чогултулганын белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх