Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы кызмат адамдары кармалды

Тергөө иштери жүрүп жатат

Жер тилкелери боюнча коррупциялык схемаларды уюштурганы үчүн Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) тутумундагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында УКМК тарабынан Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо, сатуу жана мыйзамдаштыруу менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды.

Аталган айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 10 жылдан бери жасалма документтерди колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун мыйзамсыз сатканы аныкталган.

Кылмыш схемасына Атабеков айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери, анын ичинде: У.Х., айыл өкмөтүнүн орун басары М.Ж., жер маселеси боюнча адис И.З., жергиликтүү кеңештин учурдагы төрагасы А.Э. жана Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетектөөчү адиси А.Р.нын катыштыгы болгон.

Аталган адамдар жасалма документтерди жана өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын колдонуу менен басып алынган жерлерге укук белгилөөчү документтерди (мамлекеттик актыларды) мыйзамдаштырышкан.

Мындан улам, 2024-жылдын 4-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдардын жашаган жерлери боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка катышы болушу мүмкүндүгүн тастыктаган документалдык материалдар табылган.

Азыркы учурда Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу "Бек-Абад", "Кыргыз-Абад" жана "Түрк-Абад" айылдарынын аймагында жайгашкан 29 жер тилкеси алдын ала мыйзамсыз берилгендиги жана жасалма документтер менен ээликтен ажыратылгандыгы аныкталды. Объекттер стратегиялык жактан маанилүү жерлерде, аймактар аралык магистралдардын боюнда, ички жолдордо, негизги көчөлөрдө, бизнес жүргүзүү жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болгон калктуу конуштарда жайгашкан. Ар бир участоктун баасы болжол менен 1 млн сомго бааланган.

Учурда документтерди мыйзамсыз сатуу жана жасалмалоо боюнча кошумча фактыларды аныктоого карата тергөө иштери улантылууда. 2024-жылдын 4-октябрына чейин 5 адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх