Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Арча капчыгайында бутун сындырып алган туристке жардам көрсөтүлдү

Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жатып бутун сындырып алган туристке куткаруучулар тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрь күнү болуп, куткаруучулар 10-сентябрга караган түнү менен деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон 5 туристтин ичинен бутун сындырып алган 1988-жылы туулган Т. А. аттуу аял кишини алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган турист Казакстандын жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх