Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жети-Өгүздө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалды

Факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш иши козголгон

Жети-Өгүз районунда 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө 9 жаштагы кызды эки адам зордуктаганы тууралуу арыз түшкөн.

Факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү адамдар кармалган. Алар ушул райондун 2005-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган О. А. аттуу жарандары болуп чыккан.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен кармалгандар 2 айга камакка алынып, тергөө изоляторуна киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

ИИМдин жетекчилиги мындай фактылар көңүл сыртында калбай турганын жана күнөөлүүлөр КР мыйзамына ылайык катуу жазага тартыларын эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх