Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жашаган жерлерге тинтүү жүргүздү

Натыйжада 53 китеп, 8 телефон, 20 журнал, 26 дептер, 1 ноутбук, 1 флеш-карта, 2 банк картасы табылган

“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде санкцияланган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Натыйжада 53 китеп, 8 телефон, 20 журнал, 26 дептер, 1 ноутбук, 1 флеш-карта, 2 банк картасы табылган. Аталган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына диний экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга карата КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх