Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмок шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда

Токмок шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы "КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзу" тарабынан менчиктештирилип кеткен Токмок шаарынын 3-кичи району, №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Тактап айтканда, аянты 1 140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4 235 чарчы метр жер кайтарылды.

Менчик ээси "КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор союзунун" башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн сом наркындагы аянты 5 375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх