Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалды

Учурда УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК ички иштер органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2-октябрда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Ленин РИИБдин 2-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери милициянын майору А.у.И. жана милициянын капитаны А.А.А. кармалды. Кармоо Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери Ленин райондук ИИБнын өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан жогорудагы акча каражатын алганы аныкталган.

Кармалган кызматкерлер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх