Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын футбол курамасы Жидда шаарында машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравиянын Жидда шаарына келди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Сауд Аравиянын Жидда шаарына келди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, окуу-машыгуу жыйыны 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы оюндарга даярдык көрүү максатында өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, Максим Лисицындын командасы Катар курама командасы менен конокто (10-октябрда), ошондой эле өз оюн талаасында Түндүк Корея менен (15-октябрда) беттешет.

Отуз оюнчудан турган команда 8-октябрга чейин машыгуу жыйынын өткөрүп, андан соң биринчи беттешин өткөрүү үчүн Катарга жөнөйт.

Түндүк Корея менен беттеш Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө болот. Билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх