Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда жайыт жерин туура эмес колдонгон жаранга айып салынды

"Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык 537 миң 600 сом доо коюлду

Жалал-Абадда жайыт жерин туура эмес колдонгон жаранга айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айыл аймагындагы Баймак айылынын “Кескен-Таш” участкасынан Д.К.М. аттуу жеке жаран Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чачыранды алтынды казып алууга берилген күбөлүктөгү 0,50 га жер аянтын казбай, башка 0,70 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын күрдүү катмарын бузуп жибергендигин аныктады.

Жыйынтыгында КР министрлер кабинетинин "Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык 537 миң 600 сом доо коюлду. Мындан сырткары, КР Укук бузуулар кодексинин 241-беренеси боюнча 5 500 сом айып салынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх