Ат-Башы районунун жашоочусунан 8 кг ашык баңгизат алынды
Жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү И.У. соттун чечими менен 2 айга камакка алынды
Ат-Башы районунун тургунунан 8 кг ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-октябрга караган түнү милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда VOLVO-FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны текшерүү учурда бир кап өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат жалпы салмагы 8 кг 580 гаммм марихуана баңгизаты болуп чыккан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Ат-Башы районунун тургуну 1977-жылы туулган И.У. аттуу жаран баңгизатты Жети-Өгүз районунан өзү колдонуу максатында Ат-Башы районуна алып келе жатканы аныкталган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү И.У. соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.