Арал - Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланууда
Учурда жол бир тараптуу ачык. Каттам бар
Арал - Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Түндүк -Түштүк альтернативдик авто жолунун Арал - Казарман участогунун 243-296 чакырым аралыгына жааган жаандан улам таштар кулаган. Жеринде № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Учурда жол бир тараптуу ачык. Каттам бар.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз