Жумгалда 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланын жакындары президенттен, өкмөттөн жардам сурап кайрылды
Алардын айтымында, ата-баланы издөөгө кошумча күч, атайын техникалар жетишпей жатат
“Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич! Сизге кайрылууга аргасыз болуудабыз.
Сизди журт атасы катары, ыйлаган ар бир жарандын жашын аарчыйт деп ишенип сизге кайрылып жатабыз. Бир үйдөн эки адам дайынсыз болуп, кан жутуп отурабыз.
Кой кайтарып кетип, дайынсыз болуп жатышат. Минген аты суудан өлүк табылды. Ошондуктан, суудан эле издеп жатабыз.
ӨКМнин балдары аз санда, атайын техникасы жок издеп жатышат. Сизден сураарыбыз бизге ӨКМдан кошумча күч, техника бөлүп беришиңизди көптөн-көп суранабыз. Азыр жамгыр да жаап жатат. Каар жаап жиберсе издөө иштери кыйындайт. Биздин кайгыбызды көз жаздымда калтырбайт деп ишенебиз”, -деп айтылат туугандарынын президентке кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, 16-октярь күнү Жумгал районунун Өрнөк айылынын 45 жаштагы тургуну 10 жаштагы баласы менен Жансар жайлоосуна кой кайтарууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
Издөө иштерине жергиликтүү тургундар, ӨКМ кызматкерлери, милиция кошулуп чыгып жатышат.
Туугандарынын айтымында, ӨКМнын кызматкерлери аз санда, курал-жарактары жок келип, жарытылуу издебей жатышат. Алар президенттен ӨКМнын кызматкерлеринен кошумча күч, кайык, дрон, суу астында көрүүчү камера, вертолет, иттерди берүүнү суранышты. Туугандары Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарына жогоруда айтылган техникаларды бөлүп берүүнү суранып кайрылып, жооп ала алган эмес.