Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумгалда дайынсыз жоголгон малчыларды издөө иштери уланууда

Күн мурун ӨКМдин 4 куткаруучусу, Ички иштер министрлинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышкан

Жумгалда мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Изделип жаткан Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болушууда.

Күн мурун ӨКМдин 4 куткаруучусу, Ички иштер министрлинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышкан.

Белгилей кетсек, жоголгондор тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп, издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.

Эскерте кетсек, ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт. Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат.

Мындан сырткары аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы жана башка шарттар эске алынат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх