КР Эсептөө палатасы Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө 2 млрд сомдон ашык суммадагы каржы бузууларды аныктады
Жыйынтыктар КР Президентине, Башкы прокуратурасына, УКМКга жана профсоюздар федерациясына жөнөтүлдү
КР Президентинин тапшырмасы менен Эсептөө палатасы 2013-2022-жылдар аралыгында Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүнө тематикалык аудит жүргүздү. Аудит санаторийлердин, пансионаттардын жана башка кыймылсыз мүлктөрдүн сатылышы жана менчиктештирилиши боюнча маселелерди, ошондой эле ижара мамилелерин жана баштапкы профсоюздук уюмдардан жогорку профсоюз органдарына мүчөлүк төгүмдөрдөн түшкөн каражаттардын колдонулушун камтыды. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 2 млрд 58 млн 585,2 миң сом жана 25,6 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каржы бузуулар аныкталды.
КР «Профсоюздар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, кесиптик бирликтер өз мүлкү жана каражаттары менен уставдык ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн гана пайдалана алышат. Бул мыйзамдын негизги талабы - профсоюздардын мүлкү менчиктештирүүгө жатпайт, анткени профсоюз ресурстары - бул эмгекчилердин кесиптик кызыкчылыктарын коргоо аркылуу жалпы элдин байлыгы. Бирок, мыйзамда белгиленген чектөөлөргө карабастан, Профсоюздар федерациясына таандык болгон 86,58 гектар жер тилкелери сатылып кеткен.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу КР Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сатылган жерлерди кайра Профсоюздар федерациясынын карамагына кайтаруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө. Мурдагы жетекчилер тарабынан жеке колдорго мыйзамсыз өткөрүлүп берилген бардык ресурстар эмегкчилерге кайтарылышы керек.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет Эсептөө палатасынын Кеңешинде угулуп, кабыл алынды. Жыйынтыктар КР Президентине, Башкы прокуратурасына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясына жөнөтүлдү.