Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумгалдагы ата-бала дале табыла элек. Издөө иштери уланууда

16-октябрдан тартып Жумгалдын Өрнөк айылынын тургуну уулу менен мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн кайра таң эрте башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөөнү координациялоо максатында ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 22 адам чыкты. Ошондой эле 1 дрон, 4 рация, 2 дүрбү жана 1 куткаруу унаасы тартылды.

Издөө иштери Өрнөк айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 16-октябрдан тартып Жумгалдын Өрнөк айылынын тургуну уулу менен мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери 19-октябрдан бери үзгүлтүксүз уланып жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх