Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кооптуу болгон 1400 терек кыйылат – Айбек Жунушалиев

Ошондой эле ал мэрия мындан акча таап жатат деген кептерди четке какты

Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисиндеги кооптулуулук жараткан 1600 түп терек кыйылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пресс-турда билдирди.

Анын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгында 1400 түп коопту экени аныкталган. Теректерди кыюу этап-этап менен жүргүзүлүп, биринчи этапта 200 бак кыйылат.

"Жалпысынан Айтматов проспектисинин боюнда 1400 терек бар. Биринчи этапта 200 түп теректи кыюу пландалууда. Изилдөөнүн алкагында теректин жашоо мөөнөтү 40-45 жыл деп белгиленген. Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген. Мөөнөтү бүттү, алар кооптуу. Экинчиден, алар туруксуз. Ишти башташыбыз керек. Жашыл шаар статусун сактап калуу зарыл. Теректин ордуна биздин климатка ылайыкташкан жазы жалбырактуу дарактарды отургузуу боюнча сунуштарды алдык. Бул иш-чара шаар үчүн маанилүү. Биз теректерди кыюу менен гана алектенбейбиз. Мындан сырткары, газондорду жана бадалдарды жаңылайбыз. Долбоорго чуркоо жана велоспорт жолдору да кирет", - деди мэр.

Ошондой эле ал мэрия мындан акча таап жатат деген кептерди четке какты.

"Биз кыйылган теректерибизди кампаларга сактайбыз. Сиздерди кампаларга алып барып көрсөтүүгө да даярбыз. Алар менен байыбайсың, биз аларды сатпайбыз. Эгерде муктаждыктар жаралса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да жеткирип бере алабыз", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх