Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк микрокредиттик компанияга жана эки жаранга айып салды

Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды

Улуттук банк Бишкекте бир микрокредиттик компанияга жана эки жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, анын ичинен:

1. Бишкек шаарында Улуттук банктан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Ш.у.Р. аттуу КР жаранына 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

3. Бишкек шаарында Улуттук банктан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Э.у.Б.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх