Ысык-Көл облусунда 14 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды
Бардык фактылар МЕЖге катталып, териштирүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген
Акыркы 20 күн ичинде Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан ар дайм өткөрүлгөн рейддердин натыйжасында 14 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, катталган.
Натыйжада 134 балык алынды, алардын ичинде 105 сига лудога, 1 севан, 7 судак, 21 форель балыктары. Мындан тышкары, 2 кытайлык синтетикалык тор, 3 деге жана резина өтүгү алынган.
Бардык фактылар МЕЖге катталып, териштирүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ысык-Күл облусунун ички иштер башкармалыгы экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүүнү улантууда, мыйзам бузуучуларга каршы активдүү күрөшүүдө. Айрыкча, мыйзамсыз балык уулоо, браконьерчилик, табиятты коргоо жана башка экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу максатында рейддер өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, региондо экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча ар кандай иш-чаралар ишке ашырылууда.