Таңга маал Баткенде жер титирөө катталды
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө саат 04:53тө очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Кара-Суу, Коргон айылдарында жана Баткен районунун Рават айылында 3,5 баллга (Лейлек айылынан 6 чакырым түндүктө, Рават айылынан 9 чакырым түндүк батышта, Сүлүктү шаарынан 45 чакырым чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз