Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте интим кызмат көрсөтүүчү жай уюштурган шектүү аял кармалды

Шектүү катары 38 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкек шаарында интим кызматын көрсөтүүчү жай уюштурууга шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү саат 12:30 чамасында милицияга Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Билдирүүнү тактоо үчүн айтылган дарекке барган тергөө-ыкчам тобу ал жерде кыздар интимдик кызмат көрсөтүп келишкенин аныкташкан. Тергөөдө кыздар Ш. аттуу аял үйдү ижарага алып, сойкулук жасаганга шарт түзүп бергенин жана мындан түшкөн акчанын бир бөлүгүн өзүнө алып тургандыгын айтып беришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160- беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 38 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх