Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөн уруксат кагазы жок жапайы теке атып алган жаран кармалды

Тергөө амалдары улантылууда

2024-жылдын 17-ноябры күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынаын экологиялык постунан 2-3 чакырым алыстыкта, Нарын облусунун Жумгал районунун 1968-жылы туулган тургуну Т.Ж. аттуу жаранды токтотушкан.

Жүргүзүлгөн текшерүү учурунда анын "LEXUS LX 450" маркасындагы автоунаасынан 1 баш жапайы жаныбар (болжол менен теке) жана 300 калибрдеги сайлуу мылтык табылган. Ал эми териштирүү учурунда аталган жарандын аңчылыкка уруксат кагазы жок экендиги аныкталган.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин МЕЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүунүн алкагында, Т.Ж. автоунаасы менен 2024-жылдын 15-ноябрында Жети-Өгүз району, Барскоон айылынын тоосундагы капчыгайда "Steyr Nanlicher" маркасындагы 300 WM калибриндеги сайлуу мылтык менен 1 баш жапайы жаныбарды (болжол менен теке) атып келгенин жана мыйзамсыз аңчылык кылганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.

Мындан тышкары, жапайы жаныбар (болжол менен теке) кызыл китепке кирген түргө киреби жана эгер кирсе, ал өзгөчө корголуучу жаныбар болуп саналабы деген маселени аныктоо үчүн химиялык-токсикологиялык жана ветеринардык экспертизалар дайындалган. Ошондой эле, куралды тактоо максатында соттук-балистикалык экспертиза дайындалган

Тергөө амалдары улантылууда

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх