УКМК Ташиевге кол салууну пландаган шектүү кармалганын билдирди - видео
Аталган Р.Дүйшеев Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган
К. Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады
Маалыматка ылайык, К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деп аталган КР жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды.
«Аталган Р.Дүйшеев Камчы Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Ошондой эле, колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Р. Дүйшеев КР УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан. Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен Р. Дүйшеевге уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалангандай, учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.