Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарылуучу затты жок кылуу үчүн, аны ачык талаага алып кетишти

Учурда табылган затка байланыштуу ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат

3-май күнү кечки саат сегизде “102” күзөт кызматына - Бишкек ипподромунун дарбазасы алдында шектүү зат табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери шашылыш жөнөтүлгөн. Аймак курчоого алынган.

УКМКнын адистери аныктагандай,  табылган зат эскирип жана дат баскан, танкка каршы дүрмөтү жок, колдонуудан чыккан мина экен. Башка шектүү нерселер же жардыруучу заттар табылган жок. Табылган затты жок кылуу үчүн, анын ачык талаага алып кетишти.

Учурда табылган затка байланыштуу ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх