Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЭЭА да чыккан өрт 8 мин чарчы метрди каптады

Өрттүн чыгуу себеби электр өткөргүчторүндогү бузулуу болжолдонууда

Бүгүн болжол менен таңкы 3,45те Чүй областынын ШИИБ нун күзөт бөлүмүнө, Бишкек ЭЭАнын Мраморное айылында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ИИМ, Чүй областтык ШИИБ, Чүй областынын ШИИБ нүн ыкчам-иликтөө группасы жана ошондой эле ӨКМ бригадасы жөнөп кетти.

ЭЭА аймагына барганда  8000 чарчы метр жердеги 3 ангар күйүп кеткендиги белгилүү болгон. Ангарда өндүрүштүн чыгарган нерселерин ороп даярдоочу куралдар болгон. ӨКМ билдирүүсү боюнча өрткө себеп электр өткөргүчтөрүнүн бузулуусу болгон. Материалдык чыгымдар эсептелип жатат. Тийешелүү экспертизалар дайындалды.

Чүй областынын ШИИБ нүн пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх