Бишкекте медициналык борбор өрттөнүп атат
Өрт болгон жерде эки өрт өчүрүүчү иштеп жатат
Бишкектин Орто-Сай базарынын аймагындагы медициналык борбор өрттөнүп кетти. бул тууралуу ӨКМ нин пресс-кызматы билдирди.
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча өрт "Каухар" стоматологиялык клиникасынан чыккан.
"Өрт тууралуу кабар саат 11:33 келип түшкөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү жөнөп кетти. Ошондой эле ал жерде милиция кызматкерлери турушат", - деп айтылат ӨКМ нин билдирүүсүндө.
ӨКМ нин пресс-кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз