Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мыйзамсыз иштеп аткан 26 казино табылды

Милиция кумар ойноткон ишкананын ишин аныктап атат

Ички иштер министрлигине кумар ойноткон ишкана тууралуу жарандардын арызы көп эле түшкөн.

Элдер ал жакта адамдардын машина, үй жай жана ири мүлктөрүнөн ажырап калып жатышкандыктарын айтып даттанышкан.

 ИИМдин жетекчилиги бул маалыматты көзөмөлгө алып, ыкчам иш аракеттерди көрдү.

Милиция кызматкерлери ыкчам иш аракеттерди жүргузгөндө Бишкек шаарынын аймагынан 26 мызамсыз иштеп жаткан казино табылган. Анын бешөө Ленин районунун ИИБ,  бешөө Октябрь райондук ИИБ, тогузу Биринчи Май райондук ИИБ, Свердлов райондук ИИБ жетөө жана Ош шаарынын аймагында бир казино болгон.

Топтолгон бардык материалдар тийешелүү органдарга жөнөтүлдү.

2012-жылдын 1-январынан баштап "Кумар оюндарына тыюу салуу"  мыйзамына ылайык,  бул тармактагы бизнеске  Кыргыз республикасынын аймагында тыюу салынат.

ИИМдин пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх