Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бомба: Бул жолу Орто-Сай базарында

Кимдир бирөө жарылуучу зат тууралуу айтып туруп качып кеткендигин айтышат

Орто-Сай базары курчоого алынып, ал жерден бомба изделип атат. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Бүгүн саат 12:30  «102» пультуна базардагы  сатуучуга бейтааныш эркек келип катылган бомба тууралуу айтып качып кеткендигин кабарлагандыгын УКМКдан билдиришти.

- Азыр базардын аймагы курчоого алынган. Ыкчам-иликтөө иш чаралары көрүлүүдө. Соода орундарынын арендаторлору элдерди соода комплексинен эвакуация кылууну айтышты. Бишкектиктерди бир нече ай мурун ушинтип бир канча жолу коркутушкан эле : Борбор Азиядагы Америкалык университеттин аймагынан, "Бишкек парк"  , жана жана темир жол вокзалынан. Кудай жалгап мунун баары жалган болуп чыккан.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх