Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура саламаттык сактоо Министрлигиндеги кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

Кеп Кыргызстанга пайдасыз түзүлгөн келишимдер жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тууралуу болуп жатат

Башпрокуратура саламаттык сактоо министрлигинде иштеген кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду. Текшерүү учурунда, 2017-жылы Саламаттык сактоо министрлиги «КР ССМ  бала жана энени коргоо улуттук борборуна караштуу перинаталдык борборуна жаңы блок куруу»  ишине конкурс өткөргөн. Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү болуп ЖЧК «Э.С.С» аныкталган, калган катышуучулар конкурстун талаптарына туура келбегендиги үчүн артка кайтарылган.

Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, катышуучулардын бири конкурс талап кылгандан аз сумманы көрсөткөн. Буга карабастан Саламаттык сактоо Министрлигинин кызматкерлери ЖЧК «Э,С,С» менен келишим түзгөн. Жыйынтыгында мамлекетке чоң өлчөмдө материалдык чыгым келтирилген. Текшерүүнүн корутундусу боюнча Башпрокуратура Саламаттык сактоо Министрлигинин кызмат адамдарына КР КК  304-берене жана 306 берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул кылмыш иши мындан аркы териштирүүлөр үчүн иликтөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Отдел информации Генпрокуратуры
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх