Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орто-Сай базарындагы дүрбөлөң жалган болуп чыкты

УКМК кызматкерлери базардан эч кандай жарылуучу зат таба алышкан жок

Орто-Сай базарынын аймагын текшерүүнүн жыйынтыгында эч кандай жарылуучу же шектүү заттар табыган жок. Азыркы учурда базар кадимкидей иштеп жатат.

Жарылуучу зат тууралуу кабарлаган адамды иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн болжол менен саат 12:30 да  "102"  күзөт бөлумүнө телефон чалуу болгон. Ал кандайдыр бир бейтааныш киши жарылуучу заттын Орто-Сай базарында бардыгын айтып коюп, чуркап качып кеткендигин айткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Окуя болгон жерге УКМК жана ИИМ кызматкерлери жетип барып базардын аймагын курчоого алышкан.


УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх