Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир сааттын ичинде БЧКнын аймагында эки зордуктоо болгон. зордукталгандардын бири мектеп окуучусу

Милиция кылмышка шектүүлөрдү кармады

Бишкекте белгисиз эркек эки аялды зордуктаганга аракет жасаган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

- 15-майдын таңында БЧКнын аймагынан бир эркек жергиликтүү аялга чуркап жүргөндө кол салган. Ал качканга үлгүрүп, «102» чалганын күч структуралары билдиришкен.  

Экинчи курмандыгы 17 жаштагы мектеп жашындагы кыз болгон, ал ОРТ тапшырганы бара жаткан болчу.

- Экинчи кызга да ал ушул эле аймактан кол салган. Ал кызды муунтуп зордуктаганга аракет жасаган. Бирок, жакындап келе жаткан адамдын байкап калып качып кеткен, - деп билдирет укук коргоо органдарынан.

Vesti.kg  сайтына түшкөн бул маалыматты Бишкек ШИИБ тактады.

Эки жолку зордуктоого аракет жасаган адамды милиция кызматкерлери кармашты.

- Ыкчам иликтөө иш аракеттеринин жүрүшүндө, Бишкектин тургуну 1991-жылы туулган Д.У.,- кармалды деп билдирет Бишкек ШИИБ пресс-катчысы Адыл Оморов. - Ошол күнү борбор шаардын тургуну таңкы саат 6:30 Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына чалган.  Белгисиз эркек анын 17 жаштагы кызына күч колдонуп, зордуктоого аракет жасаган.

Күбөлөрдүн катышуусу менен тинткенде анын жанынан кастет табылган.

Азыркы учурда ал СИЗО-1  эки айга камалды. Баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда болот.

- Бул факт боюнча Биринчи май райондук ИИБ иликтөө кызматы КР КК 28-129  боюнча кылмыш ишин козгоду. Тийешелүү экспертизалар жүргүзүлдү,- деп аяктайт Оморов.

Зулайка Эркимбаева
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх