Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ШИИБ: Ала-Тоо аянтында жаңжалдашуу тууралуу видео былтыркы

Ошентсе да милиция бул инцидент боюнча текшерүү жүргүздү

Ала-Тоо аянтындагы мушташтын видеосу соц. тармакта былтыр пайда болгондугун Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБдин пресс-катчысы Адыл Оморов билдирди.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынын бул инцидент боюнча текшерип башташкандыктары белгилүү болду.

- Кечээги публикациянын факты боюнча окуя милицияда катталган, - деп билдирди Оморов. - Биринчи май райондук ИИБ текшерүү жүргүзүп жатат.

Бирок алдын ала  маалыматтарга караганда, видео соцтармакка былтыр таркатылган.

Андан сырткары бул жылы мында арыз менен эч ким кайрылган эмес деп кошумчалады.

Кечээ күнү соцтармактарда Бишкектин борборундагы жаштардын урушу тууралуу видео пайда болгон. Конфликт улут аралык болгон деп билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх