Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Тоо аянтында эки улуттун өкүлү айтыша кетти (видео)

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бул факт тууралуу текшерүү иштерин жүргүзөт

Бишкектин борборунда улуттар аралык маанайдагы айтышуу болуп кетти. Видео фейсбук соцтармагына жайылган.

«Бишкекте үч мас кыз өтүп бара жаткандар менен мушташа кетишкен. Этият болгула, сөгүнгөн сөздөр бар», - деп жазат колдонуучу.

Мушташ Ала-Тоо аянтында болуп өткөн. Мас болгон кыздар славян түспөлүндөгү кыздар жана балдарга асылышкан.
Видеонун кадрында албууттанган кыздардын бири мындай деген:

«Эгерде Россияда бизге ушундай мамиле кылышса, эмнеге биз бул жерде орустарга анте албайбыз» . Конфликттен качкан бала ага кыргыз тилинде сүлөп аны сооротуп жатты.

Этият болгула! Нормативдүү эмес лексика!



Өз кезегинде Vesti.kg сайты Бишкек ШИИБге кайрылып болуп өткөн окуяга баа берүүсүн өтүндү. Борбордук милициянын пресс-катчысы Адыл Оморов  бул факт боюнча укук коргоо органдарына арыз түшпөгөндүгүн билдирди.

- Учурда бул факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырма берилди,- деп тактады Оморов.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх