Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Тарых музейине болгон сатып алууларды текшерет

2015- жылы премьер түрк грантынын эсебинен маданий мекемени реконструкциялоону тапшырган

2018-жылдын апрелинде УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Эсептөө палатасы менен биргеликте Тарых музейин калыбына келтирүү жана ага жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражаттардын туура колдонушу тууралуу текшерүү жүргүзөт. 2015-жылы премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейин Түрк Республикасынын жардамы менен калыбына келтирүү тапшырылган.

Келишим боюнча түрк тарап 3 жыл ичинде гранттык 15 миллион доллар акча каражатын бөлүп бермек. Көрсөтүлгөн гранттык каражаттын 4 миллиону музейдин сыртын оңдоого жана аймагын жакшыртууга жумшалган. Бирок, көрсөтүлгөн убакытты күтпөй эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Музейди бюджеттин эсебинен бүтүрүү тууралуу бир нече чечимдер чыккан.

Жарандык -турак жай  Департаментинен баары болуп 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом курулуштун ички бөлүгүнө бөлүнгөн.
Аудиттин жыйынтыгына жараша материалдарга юридикалык баа берилет.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх