Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КГУСТАнын кафедра башчысы студенттен 1,5 миң доллар талап кылган (видео)

Аны кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы жана мыйзамысыз тартуу алганы үчүн айыпташат

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш кызматы КГУСТАнын мугалими мыйзамсыз тартуу алган фактысын билдиришти. Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин студент кызы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына арыз менен кайрылган.

Анткени аталган окуу жайды бүтүрүүчү кыздан дипломдук иши жана аны коргоодогу жакшы баа үчүн андан 1,5 миң доллар талап кылган.



Бул факт боюнча КР КК 221 беренеси жана 225 беренелери менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 21-майда КГУСТАнын кафедра башчысынан 1 миң доллар акча накталай табылган.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

ЭККМК пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх