Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭККМК бажы кызматынын мурунку башчысынын хан сарайын жарыя кылды

Нурбек Айбашев кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча шектелүүдө… белгилүү болгондой 25 даана алтын саат - бир чети гана

Борбордук бажынын экс-начальниги Нурбек Айбашев КР КК 304-беренесинде(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш менен айыпталууда.  

Бул тууралуу ЭККМК пресс-кызматы билдирет.

Мекеменин билдиришинче, Биринчи май райсоту чиновникти тергөө иштери бүткүчө катуу көзөмөлгө алуу менен камады.



Андан сырткары, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Мамлекеттик кызматынын каналында чиновниктин үйү тартылган видеотасма пайда болду.

«Тергөө аныктагандай, бажынын мурунку башчысы ЖЧК «А» өкүлү менен сүйлөшүп алып Кыта Эл Республикасынан мыйзамсыз алынып келинген товарларды бажылык каттоого алууга шарт түзгөн.

2015-жылы 20-августта Айбашев тарабынан колго алынган ЖЧК «А» жана «U.Q.I.T.C.L.» компаниялары бодо малдын терисин, натуралдык булгаары жана жасалма булгаарыдан жасалган бут кийимдер, кийим ошондой эле галантерея нерселери кайра иштетүү боюнча келишим түзүшөт».

Нурбек Айбашевдин катышуусу менен жалган негизсиз жана товарлардын туура эмес идентификация ыкмасы колдонулган, - деп билдирди ГСБЭП.

Ушундай жол менен  салык төлөбө түрүндө мамлекетке келтирилген чыгым 166 млн. сомду түзгөндүгү пресс-кызматы билдирди.    

Мындан мурдараак Vesti.kg сайтына өздүк маалыматтардын билдирүүсүндө, «Түндүк» темиржол станциясынын мурунку начальниги Нурбек Айбашевди тинткенде 25 даана алтын сааттын жалпы суммасы 1 250 000 доллар болгон жана ага карыз кишилердин көптөгөн миллиондук ишеним каттары табылгандыгын эсиңиздерге салабы.

ЭККМК пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх