Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Futureleaderskg

Базарда кайрадан өрт. Жалынды 40 мүнөттө өчүрүштү

ӨКМ маалыматы боюнча, Ош шаарынын базарындагы өрттүн себебин эки жуманын ичинде аныкташат

Ош шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирди.

Мекеменин билдириши боюнча чыккан өрттү 40 мүнөттүн ичинде өчүрүшкөн.

- Өрт 8:37 де толугу менен өчүрүлдү, ал эми бул тууралуу билдирүү өрткө каршы кызматына саат 7:50 келип түшкөн болчу, - деп билдиришти ӨКМ нен.

Өрт контейнерлердин биринде башталгандыгы билдирилген. Күйгөн аянттын канча экендиги азырынча белгисиз. Жабырлануучулар тууралуу маалыматтар да жок.
Министрликте кошумча маалыматтарды кийинчерээк билдиребиз дешти.

- Өрттүн чыгуу себебин эки жуманын ичинде аныктайбыз, - деп аякташты ӨКМ.

Зулайка Эркимбаева
Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх