Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК МАИ кызматкерлери менен «Кыргыз Почтасынын» коррупциялык схемасын ачты

Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу жасалма документ толтуруп, жыйынтыгында айып пул делген акчаны чөнтөктөрүнө солошкон

УКМК райондук «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы менен Базар-Коргон райондук жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлеринин ортосундагы кызматынан кыянаттык менен колдонуу фактысын аныкташты. Почтанын айрым бир кызматкерлери жол коопсуздугун тескөөчү кызматкерлер менен сүлөшүп алышып, жасалма документ аркылуу жол эрежесин бузду деп, айып пулга түшкөн акчаны чөнтөктөрүнө салышкан.

Ошондой эле 440 даана протокол жетишпей жана 175 даана Базар-Коргон райондук «Кыргыз Почтасынын» жасалма календарлык штемпели басылган жалган административдик мыйзам бузуу тууралуу протокол табылган.

Аудитордук текшерүүлөрдүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, мамлекетке жарым миллионго жакын зыян келтирилген. УКМКнын материалдары боюнча, Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан КР КК 315 беренесинин 2 б. жана 171 беренесинин 4 б. 2 п. менен кылмыш иши козголгон.

УКМК пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх