Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзүн баш прокурор деп сезген УКМКнын бөлүм башчысына каршы иш козголду

Ал жактоочуну кармап жана убактылуу тергөө абагына киргизген, бирок мындай укукка бир гана көзөмөлдөө органынын башчысы же анын орун басарына гана ээ

Баш прокуратура 2018-жылдын 8-февралында коопсуздук Кеңешинин чечими менен жана прокурордун көрсөтмөсү менен Баткен областынын УКМК башкармасы боюнча козголгон кылмыш ишин окуп чыкты. Бул иш 2018-жылдын 19-февралында токтотулган болчу.

Ишти окуп чыгып Баш прокуратура Баткен областынын УКМК башкармасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Ч.Ж. КР КК 305-беренеси менен жактоочуну мыйзамсыз кармагандыгы үчүн кылмыш иши козгоду.

К.Т. атту жаран УКМКга Кызыл-Кыя шаарынын ИИБ тергөөчүсү Н.Б. анын жактоочусу М.Ш.  аркылуу андан 30 миң сом пара алгандыгы тууралуу арыз жазган. УКМК тергөө башкармалыгы КР КК 313 - беренеси менен кылмыш ишин козгогон ( паракорлук).
       
Андан кийин Баткен областы боюнча УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Ч.Ж. «Кыргыз Республикасынын жактоочулук жана жактоочулуктун ишмердүүлүгү тууралуу » мыйзамдын негизинде тергөөчү Н.Б. козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмыш ишин козгобой туруп эле жактоочу М.Ш. Баткен райондук ИИБ убактылуу тергөө абагында кармаган. Анда жогоруда көрсөтүлгөн КР мыйзамынын негизинде жактоочуга Баш прокурор же анын орун басары иш козгош керек болчу.

Бирок ошого карабастан райондук сот 2018-жылы 19-январда тергөөчүнүн өтүнүчүн орундаткан. Ошондой эле жактоочунун абакта кармалып турушун мыйзамдуу деп чечим чыгарган.

Азыркы учурда соттун чечиминин кайра артка кайтарылышы боюнча маселе каралып жатат.

Кылмыш ишин иликтөө КР аскер прокуратурасына тапшырылган.

Башпрокуратуранын маалымат бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх