Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Колун байлап, тепкилеп салышты. КР жана ТР чек арачыларынын ортосундагы мушташ тууралуу видео пайда болду

Видеотасмадан КР чек ара кызматкерлери өтө чечкиндүү экендигин көрүүгө болот

Facebook  социалдык тармагында Кыргызстан жана Тажикстан чек арачылары мушташкан видео пайда болду.

Кадрдан Кыргызстандын чек арачылары кантип тажик аскер кызматкерлерин куралсыздандырып жана колго түшүрушкөндүктөрүн көрүүгө болот.

Бир нече адам алардын бирөөсүн курчоого алып моюн толгогондугуна байланыштуу бир аз эсине келтирип коюшкан.

Андан сырткары, ок атуу болду. Мурдараак КР чек ара кызматы Тажикстан чек арачылары абага ок аткандыгы тууралуу маалымдаган болчу. Мушташты баштагандар да так ошолор болгон.



Чек арачылар ортосундагы жаңжал кечкурун болгондугун эсиңиздерге салабыз. Тажик чек арачылары Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы  макулдашылбаган чек ара тилкесин бузуп кирип келишкен. Ал жерден жергиликтүү элдер менен кагылыша кетишкен.

Зулайка Эркимбаева
Фото www
Видео www

    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх