Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районунун акими: Ош базарындагы өрт үчүн өзүмдү өзүм жазалайынбы?

Нурдин Тынаев алдын ала белгилүү болгон маалыматка ылайык, өрт администрациянын шалакылыгынан эмес,  бирөөлөр чыгарышкан деп  билдирди депутатка

Ленин райондук администрациясы Ош базарындагы өрттөн жабыр тарткан соодагерлерге колунан келген жардамын көрсөттү. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына жергиликтүү администрациянын акими Нурдин Тынаев билдирди.

Анын оюнча, депутат Жылдыз Мусабекованын өрт үчүн ал жооп берсин дегени негизсиз.

- Мен өзүмдү өзүм жоопко тартайынбы?  Эгерде мэр мени ушул иште күнөөлүү десе, анда чара колдонсун. Бирок менин айтаарым, администрация өрттөн жабыркагандарга мүмкүн болгон жардамдын баарын берди. Аларга убактылуу соода кылыш үчүн аянтча жана мэрия тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бизге тийешелүү көрсөтүлө турган жардамдын баарын көрсөттүк, - деп белгиледи Тынаев.

Андан сырткары, аким депутатка өрт кокусунан чыкпагандыгын эскертти.

- Биринчиден, Ош базары - менчик базар. Экинчиден кырсыктын залдарын мүмкүн болушунча жойдук. Андан сырткары иликтөөдө угузулгандай ал жердеги өрт киши колдуу болгон. Администрация муну кантип болтурбай коё алат эле ? Жакында укук коргоочулар кимдер тарабынан болгондугун таап чыгышат, - деп бүтүрдү Нурдин Ратбекович.

Бүгүн депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин отурумунда Бишкектин район башчыларын текшерүүнү сунуштагандыгын эсиңиздерге салабыз.

Атап айтканда, ал коррупция менен күрөш акимдерди кыйгап өтүп жатат деп билдирген.

«Ош базары үч жолу күйдү, бирок Ленин райондук акимин эч ким текшерген жок», - деп арызданган ал.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх