«Карышкыр» Кыргызстанга кайтып келди
ИИМ мурдагы «мыйзамдагы ууру» Мурсалым Өмүрзаковдон кылмыш кылбоосун өтүндү
Мурунку «мыйзамдагы ууру» «Карышкыр» деген каймана аты бар Мурсалым Өмүрзаков июндун башында Орусиядан Кыргызстанга кайтып келди. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ИИМдин пресс-кызматы билдирди.
Мекеменин берген маалыматы боюнча, Өмурзаков мурда жаза мөөнөтүн РФ Архангель областында өтөгөн.
- Ал Орусияда баңги заты менен кармалып, 3 жыл отурган, - деп тактады ИИМ. - Россиялык соттун чечими менен РФ аймагына кирүүгө ага таптакыр тыюу салынган.
Андан сырткары, Мурсалым Өмүрзаков Кыргызстанга келгенден кийин ИИМ аны менен профилактикалык маек кылды.
- Криминалдык милициянын кызматкерлери ага кылмыш кылып жана мыйзам бузууга болбостугун эскертишти. Анткени ал УКТ активдүү мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат, - деп кошумчалады ИИМ.
Мурдараак «Карышкыр» деген каймана аттуу Мурсалым Өмүрзаков «мыйзамдагы ууру» криминалдык макамынан баш тарткандыгы тууралуу видео интернетте пайда болгондугун белгилей кетели.
Бакыт Стамов
фото www
Окшош макалалар
- Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды
- Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
- ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда
- ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
- ИИМ: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды