Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Атамбаевдин кызы менен Матраимовдун кайын эжесинин жаңжалын тактады

Милиция Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басарын кызматынан кеткенге  алып келген «парковкадагы» окуя тууралуу билдирди

ИИМ Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун анын кызматтан кетишине себеп болгон, Атамбаевдин кызы менен анын кайын эжесинин жаңжалы тууралуу айткандарын жарым-жартылай тастыктады.

Тактап айтканда, Vesti.kg сайты Матраимов айткан окуя тууралуу суроо узатканда ИИМ бул окуянын чындап эле болгондугун айтты. Мекемедегилер болгон окуяны кеңири баяндап беришти.

«2017-жылы 17-октябрда милицияга  Д.А. атту жаран арыз менен кайрылган. Ошол күнү болжол менен саат 14:30, Сүйүнбаев - Абай көчөлөрүнүн кесилишинде мусулман кийимин кийген эки аял ага асылышып, уруп жана Тойота-Лэндкрузер 200  маркасындагы автоунаасынын кузовун тытып салышкан.

Бул факт боюнча окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ ыкчам-иликтөө тобу чыкты. Текшерүүнун жыйынтыгында автоунаанын кузову чийилген, бырмыйган жана сол жак фарында бут кийимдин издери болгон.

Соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалган. Аталган факт боюнча Октябрь РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан КР КЖК 234-беренеси (Бейбаштык) кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын 17-октябрында КР ЖПК 94 беренесине ылайык шектүү Н.Т. кармалып жана убактылуу тергөө абагына киргизилген.
Жабырлануучу тарап Свердлов райондук сотуна баш коргоо чарасын көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 19-октябрында кылмышка шектүү кепилдик менен коё берилген.

Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Жабырлануучу Д.А. ден соолугуна жеңил жаракат келтирилген. Ошондой эле, соттук-автотехникалык соттун корутундусу боюнча келтирилген зыян 18 682, 30 сомду түзгөн.

2017-жылы 21-ноябрда кылмышка шектүү Т.Ж. жана Т.Н. карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын прокуратурасы айыптарын угузду. Чогултулган материалдар андан аркы чечимдин чыгышы үчүн октябрь райсотуна жөнөтүлдү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу тарап айыптоону колдоодон баш тартты, анткени 28-берененин 1 б.  12 п. ылайык кылмыш иши токтотулган болчу» , - деп билдиришти Vesti.kg сайтына.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин биринчи аялынан Диана жана Динара деген эгиз кыздары бар экендигин белгилей кетели.

МБК мурдагы орун басары Раимбек Матраимов мурда ММК га төмөндөгүлөрдү билдирген эле:

«2017-жылдын октябрь айында менин аялымдын эжеси менен Атамбаевдин кызы парковкадагы орун үчүн жаңжалдаша кеткен. Бирок ал Атамбаевдин кызы экендигин билген эмес. Кыскасы менин кайын эжемди эки күнгө камап салышты. Анын алар соттошту. Мен ал учурда Ошто командировкада болчум. Бир айдан кийин мага Икрам Илмиянов чалып, Атамбаев жини келип, мени кызматтан алууга көрсөтмө бергендигин айтты».

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх