Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баңгизаты менен соода кылууда БМЖКК бөлүм башчысынын катышы бар, же жок экендигин ИИМ текшерет

Мекемедегилер «Гараж 312» түнкү клубундагы атайын операция наркотоптордун ортосундагы келишпестиктен улам чыкты деген чыгарылышка жооп кылышты

ИИМ Vesti.kg сайтынын укук коргоочулардын баңгизаты менен соода кылууда болжолдуу катыштыгы бар экендиги тууралуу чыгарылышынын негизинде кызматтык иликтөө жургүзөт. Бул тууралуу редакциябызга ИИМ пресс-кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, ички иликтөө Кызматы ИИМ  баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы Кызматынын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Акжолтой Усубалиевге карата текшерүү ишин баштады.

- Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарын биз кийинчерээк сөзсүз билдиребиз, - деди Сейитов.

Мындан мурдараак Vesti.kg сайтынын өздүк булактары «Гараж 312» түнкү клубунда болгон атайын операция наркотоптордун ортосундагы келишпестиктен болушу мүмкүн деп билдирген.

Такталбаган маалыматтар боюнча, ишканада  баңгизатын таркаткан киши менен мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүүгө каршы кызматынын жетекчилиги келише албагандыгына байланыштуу укук коргоочулар кийлигишкен.

Андан сырткары, булактардын маалыматы боюнча, наркотоптордун ишин ИИМ БМЖКК эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Акжолтой Усубалиев көзөмөлдөп турган.
Vesti.kg сайты жогоруда айтылган маалыматтардын канчалык деңгээлде чын экендигин чагылдырууну уланта берет.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх