Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мексикалык күйөрмандарга Ысык-Көлдө акысыз эс алууну сунушташат

Премьер-министр Абылгазиев Кыргызстан автомобиль сүзгөндөрдүн бардык чыгымдарын жана эс алууларын төлөп берет деп билдирди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жумушчу жоолугуусун өткөрдү.

«16-июнь, ишемби күнү Москванын борборунда биздин мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жараны Чыңгыз Анарбек уулу жөө адамдарды машинасы менен сүзүп кеткен. Жыйынтыгында кырсыктан бир нече адам жабыркаган, алардын арасында футбол күйөрмандары болгон. Бул өтө кайгылуу окуя, бирок атайылап жасалган эмес », - деди ал.
 
Премьер ички иштер министрине Россия Федерациясына жумуш сапары менен барууну тапшырды.  Бул сапардын алкагында РФ ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жоолугуп, жабыр тарткандар менен көздөшүүсү  керек.

«Бул болгон окуя Россияда иштеп жаткан биздин жарандарды кысууга жана куугунтуктоого себеп болбоосу керек. Бул кырсык. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан жабыркоочулардан кечирим сурап жана Кыргыз Республикасына эс алууга, ден соолуктарын калыбына келтирүүгө чакыруу. Бизде эң сонун эс алуучу жана дарылануучу жайлар бар. Биз жабыркагандардын бардык учуу жана эс алуу чыгымдарын өзүбүзгө алабыз», - деп белгиледи өкмөт башчы. 

Ошондой эле Абылгазиев ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жоолугуп жана ага квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды.
 
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх